Чолпон-Атада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча көчмө жыйын өттү
Бүгүн, 6-февралда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселелерине арналган көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, ДКОну даярдоо боюнча катчылык жетекчиси Нурсултан Аденов, башкы режиссер, эл артисти Алтынбек Максутов жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ипподромду жаңылоо, курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү талкууланып, объектилердин коопсуздугу жана функционалдуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















