Бишкекте социалдык кызматкерлер ишке алынат (талаптар)
Бишкек мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыктары социалдык иш боюнча адистерди жумушка чакырат. Бул боюнча мекеме жарыя таратып, калаа боюнча жалпы 28 бош иш орун бар экенин билдирди.
Ага ылайык, Биринчи Май районунда 9, Ленин районунда 7, Свердлов районунда 6, Октябрь районунда 6 бош орун бар.
Талапкерлердин социалдык иш адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими болушу керек, же болбосо социалдык кызматтарда иштөөгө ылайык келген медициналык, педагогикалык, психологиялык, социологиялык же юридикалык багыттагы билими болушу зарыл.
Документтер төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат:
- Биринчи Май району, Жибек Жолу проспекти, 495Б, телефон: 0(312) 670447
- Ленин району, Литвинов көчөсү, 2, телефон: 0(312) 650116
- Свердлов району, Чүй проспекти, 28, телефон: 0(312) 530506
- Октябрь району, Байтик баатыр көчөсү, 17, телефон: 0(312) 510263
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















