Кыргызстан менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы талкууланды
Тышкы иштер министрлигинде 6-февралда Кыргызстан менен Европа Бирлигинин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча кичи комитеттин 7-жыйыны болуп өттү.
Жыйында инфраструктуралык жана инвестициялык артыкчылыктар, ошондой эле Европа Бирлиги менен кызматташуунун негизги инструменттерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Министрдин орун басары Медер Абакиров мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте европалык делегацияга учурдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүктөгү жетишкендиктерди тааныштырып, жаңы сунуштарды жана Европа Бирлиги менен аймактык кызматташуунун келечегин сунуштады.
Европа Комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын Борбордук Азия жана Ооганстан бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриен Global Gateway долбоорунун алкагындагы оң жетишкендиктерди, айрыкча энергетика тармагында Кыргызстан менен Европа Инвестициялык Банкынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө алар эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын негизги маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашып, кызыкчылык туудурган багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун жана натыйжалуулугун жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















