Италияда Кышкы Олимпиада оюндары башталды (сүрөттөр)
Кечээ, 6-февралда Италияда 2026-жылкы XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи орун алды. Бул жолу азем тарыхта биринчи жолу бир убакта төрт шаарда: Милан, Кортина-д'Ампеццо, Предаццо жана Ливиньодо өттү. Салтанаттын негизги бөлүгү Миландын "Сан-Сиро" стадионунда болуп, анда он миңдеген көрүүчүлөр чогулду.
Чет элдик басылмалар белгилегендей, салтанаттын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – эки олимпиадалык от бир убакта жагылганы болду. Миланда Олимпиаданын отун италиялык спорттун легендалары – мурдагы тоо лыжачысы Альберто Томба жана Олимпиада чемпиону Дебора Компанони көтөрүштү. Ал эми Кортина-д'Ампеццодо отту азыркы тоо лыжасынын жылдызы София Годжа күйгүздү.
Улуттук командалардын салттуу парады Италиянын тарыхын, искусствосун жана спорттук мурастарын чагылдырган масштабдуу мультимедиялык инсталляциялардын фонунда өттү. Салтанаттын музыкалык бөлүгүндө эл аралык жана италиялык артисттер, анын ичинде Андреа Бочелли, "Мыкты ыр" үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын ээси Лаура Паусини жана беш жолку "Грэмми" сыйлыгынын ээси Мэрайя Кэри катышты. Иш-чарадагы шоу көрсөтүүлөрдө Италиянын маданиятына жана модасына олуттуу басым жасалды.
Оюндар Италиянын президенти Серджо Маттарелла жана Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү сөз сүйлөгөндөн кийин расмий түрдө ачык деп жарыяланды.
Олимпиада 22-февралга чейин уланат. Ага 92 улуттук курама командадан 2900дөн ашык спортчу, ошондой эле Орусия менен Беларустун бейтарап спортчулары катышат.
Эң көп спортчулар АКШдан, Канададан жана Италиядан катышууда. Олимпиаданын негизги шаарлары болгон Милан жана Кортина-д'Ампеццодон тышкары мелдештер өлкөнүн түндүгүндөгү дагы 11 жерде өткөрүлөт. Олимпиада оюндарында жалпысынан 116 медаль ойнотулат.
Тарыхта биринчи жолу Бенин, Гвинея-Бисау жана Бириккен Араб Эмираттарынын спортчулары Кышкы Олимпиада оюндарына катышат.
Эскерте кетсек, Кышкы Олимпиада 22-февралга чейин уланат. Кыргызстандан 2 спортчу катышат. Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат. Артур Сапарбеков болсо лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү мелдешке 13-февралда чыгат.
Олимпиада оюндарына болжол менен 2 миллион күйөрман келет деп күтүлүүдө. Мелдештерге билеттердин баасы 30 доллардан башталып, 1400 долларга чейин жетет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















