Камчыбек Ташиев кырсыкка кабылган жарандын үйүн бүтүрүп берди (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жол кырсыгына кабылган 44 жаштагы Азат Жусуев аттуу жарандын жер тамын бүтүрүп берди. Бул тууралуу "Регион" телеканалы билдирди.
Белгилүү болгондой, 3 баланын атасы Жусуев былтыр Москвада иштеп жүргөндө жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажырап калган. Ал мекенине кайтып келгенден кийин курулушу токтоп калган үйү боюнча коомчулукка жардам сурап, кайрылган. Бул үй-бүлөдө Азаттан тышкары эжесинин майыптыгы бар экени айтылды.
Жусуев Сокулук районундагы Исмайыл айылында жашайт.
УКМК башчысы ал жарандан кабар алып, жаңыланган үйдүн ачкычын жана документтерин тапшырды.
Камчыбек Ташиев жол кырсыгынан жабыркаган жаранга жер тамын бүтүрүп берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















