super.kg logo
  Саясат  

Ыраазычылык билдирип... Садыр Жапаров биринчи мугалими менен жолугушту (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында биринчи мугалими Кеңешкан Шаменова менен жолугушту. Бул туурасында 7-февралда президенттик администрациядан билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун башталгыч класстагы мугалими ага кайрылып, жеке жолугушууну суранган видеоролик тараган.

Президент мугалиминин ага алгачкы жолу “А” тамгасын жазууну үйрөткөнүн ушул күнгө чейин унутпай турганын белгиледи. Ал ошол кезде балдар бала бакчада даярдыктан өтпөй, мектепке түз эле жети жашында барышканын айтып берди.

Жапаров башталгыч класстарда окуган кезиндеги мугалиминин сабырдуулугу жана эмгеги үчүн ага терең ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кеңешкан Шаменова окуучусунун ишмердүүлүгүн сыналгыдан тыкыр көзөмөлдөп турарын жана анын президент катары жетишкен ийгиликтерине чын жүрөктөн кубанарын айтты. Ал Садыр Жапаров бала кезинде эле дептерине “Эл үчүн иштейм” деп жазганын эске салды.











Садыр Жапаров биринчи мугалими менен жолугушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: