Садыр Жапаров Пакистандын президентине көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Исламабад шаарында террордук чабуулдун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге жана премьер-министри Шахбаз Шарифге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
"Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптап, бул коркунучтарга каршы эл аралык кызматташууну туруктуу улантууга болгон багытын тастыктайт", - деп айтылат анда.
Белгилей кетсек, 6-февралда Пакистандын Тарлай-Калан аймагындагы мечитте жума намазы учурунда жарылуу болуп, кеминде 31 адам каза болуп, ондогон адам жарадар болгону маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















