Санкт-Петербургда дарыгерлер каза болгон бейтаптардын органдарын сатууга шектелүүдө
Санкт-Петербург шаарынын полициясы оорукананын өлүкканасынан биологиялык материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу орус басылмалары ИИМдин басма сөз катчысына таянып жазышты.
Анда кабарлангандай, шаардык ооруканалардын биринин жетекчилиги маркумдун органдарын ар кандай коммерциялык уюмдарга косметология, хирургия жана стоматологияга эксперименттик үлгү катары сатышкан. Мындан тышкары коммерциялык түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө тиешелүү документтерди тариздебестен, өлүккана ичинде сөөккө аутопсия жасоого уруксат берилген.
Белгиленгендей, маркумдардын сөөктөрүн алмаштыруу учурлары да катталган.
Тергөө комитети аталган факты боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Басылмада анатомиялык биомоделдерди чыгарууга адистешкен коммерциялык уюмдун негиздөөчүсү, ошондой эле ооруканадагы өлүккананын жетекчиси кармалганы айтылат. Учурда шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси каралып жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















