super.kg logo

Чүйдө кабель уурдоого шектүү жаран кармалды

 
Чүйдө бир нече кабель уурдоо фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция 7-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-январда милицияга «Кыргызтелеком» тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү келип түшкөн. Анда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 25-январында саат 00:00 чамасында Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар болжол менен 200 метр ТПП 30х10 маркасындагы мис кабелин уурдап, олуттуу материалдык зыян келтирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 1977-жылы туулган С.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн район аймагында жасалган беш кабель уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Мындан тышкары анын район ичинде жана Чүй облусунун башка райондорундагы окшош кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.
Учурда тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: