super.kg logo

Зеленский: "АКШ Украинадагы согушту июнь айына чейин токтотууну каалайт" 

 

АКШ Украинадагы куралдуу жаңжалды жай башталганга чейин токтотууга кызыкдар. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский РБК-Украина басылмасына билдирген.

Анын айтымында, америкалык тарап жаңжалга катышкан тараптарды жайдын башына чейин согушту токтотууга үндөп, дал ушул мөөнөт боюнча басым көрсөтүшү мүмкүн. Зеленский Вашингтондун мындай позициясына АКШдагы ички саясий факторлор, айрыкча алдыдагы шайлоо процесстери жана Конгресстин иши таасир этиши ыктымал экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, шаршемби жана бейшемби күндөрү Абу-Дабиде Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Орусия, АКШ жана Украинанын делегацияларынын катышуусунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өттү. Биринчи раунд 23-24-январь күндөрү ошол эле жерде уюштурулган. Сүйлөшүүлөр жабык форматта өтүп, маалымат каражаттары катышкан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: