Айсулуунун өлүмүнө шектелген Кумарбек өз жанын кыйганы айтылууда
Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип камакка алынган Кумарбек Абдыров өз жанын кыйганын жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча маалымат бере элек.
Эске салсак, былтыр сетябрь айында Кеминде киши колдуу каза болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү табылган. Бул ишке шектелип 41 жаштагы Кумарбек кармалган. Ал тергөөдө маркумду Ысык-Көлдөн зордуктоого алып өлтүргөнүн, сөөгүн Кеминге жашырганын айтып берген. ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда шектүү дагы бир нече кылмышка күнөөлүү экени айтылып, коомчулукта резонанс жараткан. Ал жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















