Садыр Жапаров Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү менен Карколдо сүйлөштү
Кечээ, 7-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону Каракол лыжа базасы менен тааныштырды.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысы Чжаонго тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү Ысык-Көл облусун эл аралык туризмдин борборуна айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артыкчылык экенин белгилеп, "Ала-Тоо Резорт" кластеринин курулушу уланып жатканын айтып берген.
Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин тоолордун кооз панорамасы көрүнгөн эң бийик жерлеринин бирине чыгышкан. Чанпэн Чжао калың карды жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, аймактын алдыңкы европалык курорттор менен атаандашууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеген.
Жолугушуу чай ичүү менен аяктап, анда президент жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү инфраструктуралык долбоорлорду бейформал шартта талкуулашкан.
Президент
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















