super.kg logo

Шымын колдонгон. Айсулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбек асынып алганы белгилүү болду

 

Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип камакка алынган Кумарбек Абдыров өз жанын кыйганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, айыпталуучунун сөөгү кечээ, 7-февралда болжол менен саат 12:30 чамасында №21 мекемесинин абак бөлмөсүнөн асынган абалда табылган. Ал асынууга өзүнүн шымын колдонгон.

Мекеменин дарыгерлери тарабынан көрсөтүлгөн биринчи медициналык жардамга карабастан айыпталуучу ошол жерден көз жумган. Учурда тийиштүү соттук-медициналык эксперизалар дайындалып, соттук өндүрүшкө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мекеме Кумарбек №21 мекемесине былтыр 17-декабрда Бишкек шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайынан которулуп жайгаштырылганын кошумчалады.

Эске салсак, былтыр сентябрь айында Кеминде киши колдуу каза болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү табылган. Бул ишке шектелип 41 жаштагы Кумарбек кармалган. Ал тергөөдө маркумду Ысык-Көлдөн зордуктоого алып өлтүргөнүн, сөөгүн Кеминге жашырганын айтып берген. ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда шектүү дагы бир нече кылмышка күнөөлүү экени айтылып, коомчулукта резонанс жараткан. Ал жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: