Таласта келин кабылган аянычтуу окуя тууралуу кенен маалымат берилди
Акыйкатчы институту Таласта күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган келиндин жакындары менен байланышканын билдирип, жабырлануучу күйүк алган окуянын чоо-жайын маалымдады.
Маалыматта окуя Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында былтыр 15-октябрда орун алганы, жабырлануучу келин 6 жыл мурда турмуш куруп, 2 кыздуу болгону айтылат.
Келиндин апасы ал күнү күйөө баласы мас болуп, чыр чыгарып, кызын ур-токмокко алганын айтып берген.
"Күйөө балам кызымды "балталап өлтүрөм деп" короого балта издеп чыгып, бензин көтөрүп келип, бир тарабына чачып жиберет. Жолдошу ширеңке издегени кеткенде жанында чыркырап ыйлап жүргөн эки кызын башка бөлмөгө жашырып, өзү качканга жетишпей калат.
Ширеңкени жакканда эле кызымдын денеси жалп күйүптүр. Ал короого чуркап чыгып, крандын суусу менен денесиндеги жалынды өчүрүүгө аракет кылат. Кызымдын жардам сурап кыйкырганын жолдон өтүп бара жаткан бирөө угуп калып, ооруканага алып барат", - деген келиндин апасы.
Келин Таластагы ооруканадан 3 күндөн кийин Бишкекке которулган. Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө 1 ай жатып, жалпысынан 2 айга жакын ооруканада дарыланып, 18-декабрда чыккан.
Апасынын айтымында, кыздын кайын журту дарыгерлерге келини от жагып жатып, бензин менен тамызганда жалын өзүнө чачырап, күйүп калганын айтып, жалган маалымат беришкен. Бул туурасында келин өзү да жакындарына айткан эмес. Жакында эле жолдошу мас болуп келип, кайрадан зомбулук көрсөтүп баштаганда гана апасына чалып, алып кетүүсүн өтүнгөн.
Акыйкатчы институту учурда келин балдары менен бирге Бишкекте апасынын үйүндө экенин, ал психологдун жардамына жана кайра дарыланууга муктаж экенин белгилейт.
"Анын денесинин 60 пайызы күйүп калганы айтылат. Апасы Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганын билдиришти. Апасы кызына зомбулук көрсөткөндөр жана аны жаап жашыргандар жазага тартылышын талап кылат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, шектүү 2 күн мурун, тагыраагы, 6-февралда кармалган. Анын үстүнөн 5-февралда 27 жаштагы жубайы арыз жазып, жашырып келген окуяны ачыктаган. Өткөн жылдын 15-октябрында шектүү үйүндө жубайынын башынан ылдый күйүүчү май куюп, өрт койгон. Бактыга жараша, келин аман калып, дарыланып чыккан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















