Караколдо бала бакчада наристе сабалды делген маалымат боюнча текшерүү башталды
Каракол шаарындагы бала бакчада 3 жаштагы бала сабалды делген маалымат боюнча текшерүү жүгүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда милицияга кайрылган 28 жаштагы жаран №12 балдар бакчасында анын жашы жете элек уулу белгисиз себептерден улам дене жаракаттарын алгандыгын айткан.
"Ал 7-февралда балдар бакчасына барып, уулун үйүнө алып келген учурда анын санында жана колдорунда көгала тактар бар экендигин байкаган. Бул жагдай боюнча балдар бакчасынын директорунан сураган учурда, директор аталган факты боюнча эч кандай маалыматы жок экендигин билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жашы жете элек балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Облустук милиция текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Буга чейин социалдык тармактарда бала бакчада уулу сабалганын айтып чыккан эненин видеосу тараган.
Карколдо бала бакчада наристе сабалды делген маалымат боюнча текшерүү башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















