Кытай Трампка эскертүү жасаганы айтылды
Кытай АКШга эгер Вашингтон Тайванга жаңы курал-жарак сатууну уланта берсе, АКШнын президенти Дональд Трамптын апрель айында Пекинге пландаштырылган сапарын жокко чыгарарын эскертти. Бул тууралуу Financial Times маалымат булактарына шилтеме жасап жазды.
Бирок, гезиттин булактарынын айтымында, айрым АКШнын расмий өкүлдөрү Кытай жөн гана коркутуу кылып жатат деп эсептешет жана Трамптын сапарын жокко чыгарбайт.
Ошол эле учурда айрым эксперттер Трамп Кытайдан кайтып келгенге чейин Тайванга курал-жарак сатууну кийинкиге калтырат деп эсептешет.
Financial Times гезитине булактар Трамптын администрациясы декабрь айында жарыяланган рекорддук 11,1 миллиард долларлык курал-жарак пакетинен тышкары Тайван сатып ала турган 4 системден турган пакетти иштеп чыгып жатканын билдиришти.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин шаршемби күнү Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Тайванга курал-жарак сатуу маселесин көтөргөн. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Си Цзиньпин АКШ "Тайванга курал сатуу маселесине этияттык менен мамиле кылышы керек" деп баса белгилеген.
Декабрь айынын башында Трамптын администрациясы Тайванга 11 миллиард долларлык ири масштабдагы курал-жарак сатууну жарыялаган. Жооп катары Кытай бийлиги коргонууга байланыштуу 20 америкалык компанияга карата чектөөчү чараларды жарыялаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















