Ошто мурдагы "Турбаза" жаңыланат
Ош шаарында жайгашкан мурдагы "Турбазаны" мэриянын балансына кайтаруу иштери жүрөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдыруу учурунда тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды бергенин калаа башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана аны толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгын айткан.
"Аталган "Турбаза" учурда Профсоюз комитетинин карамагында турат. Дээрлик 40 жыл аралыгында бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн, имараттын эскилиги жетип, кароосуз калган абалда. Алдыда бул жай шаардык баланска өткөрүлүп, жаңыланган соң муниципалдык санаторий катары калкка кызмат көрсөтүү пландалууда. Бул шаар тургундары үчүн социалдык багыттагы дагы бир маанилүү объект болуп калмакчы", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















