super.kg logo

Олимпиаданын биринчи күнү: Кайсы өлкөлөр алтын алышты?

 

Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын биринчи алтын байгесин 24 жаштагы швейцариялык тоо лыжасычы Франьо фон Алльмен эркектер арасындагы ылдый түшүү жарышында жеңип алды.

Ал саатына 145 чакырым ылдамдыкта түшүп, 1 мүнөт 51,61 секунд менен эң мыкты убакытты көрсөтүп, италиялык Жованни Францони менен Доминик Паристен алдыда келди.

Кечээ, 7-февралда, швециялык Фрида Карлссон аялдар арасындагы скиатлондо Олимп оюндарынын экинчи алтын медалын жеңип алды. Анын мекендеши Эбба Андерссон күмүш медалды, ал эми норвегиялык Хейди Венг коло медалды утушту.

Франческа Лоллобрижида Олимпиада оюндарынын үй ээси Италия үчүн биринчи жеңишти камсыз кылды. Туулган күнүндө мелдешке катышкан Лоллобрижида алтын медалды гана жеңип албастан, аялдар арасында 3000 метрге коньки тебүү боюнча жаңы Олимпиада рекордун койду. Ал аталган аралыкты 3:54.28де басып өттү. Норвегиялык Рагне Виклунд күмүш, ал эми канадалык Валери Мальте коло медалды жеңип алды.

Анна Одине Стрем лыжа менен секирүүдө Норвегия үчүн алтын медалды жеңип алды. Стрем акыркы секирүүдө 130,4 упай топтоп, жалпы упайын 267,3кө жеткирди. Күмүш медалды словакиялык Ника Превц (266,2), ал эми колону япониялык Надзоми Маруяма (261,8) утту.

Япония эркектер арасындагы сноуборд мелдешинде эки медаль жеңип алды. Кира Кимура 179,5 упай менен алтын медалды жеңип алса, Рема Кимата күмүш медалды багындырды. Колону кытайлык Йимин Су утту.

Оюндардын биринчи күнүндө жалпысынан беш медаль топтому ойнотулду.

XXV Кышкы Олимпиада оюндары Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өтүп жатат. Бүгүн, 8-февралда сегиз медаль топтому ойнотулуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: