super.kg logo

Өмүрбек Текебаевдин Эпштейн менен байланышы болгонбу?

 

Өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев аны Эпштейнге байланыштырган маалыматтарды төгүндөдү.

"Социалдык тармактарда Эпштейндин файлдары тууралуу жана эмне үчүн ал жерде менин фамилиям айтылып жатканы боюнча суроолор болуп жатат. Менин фамилиям эч кандай тизмеде жок. Мен Эпштейндин өзү менен да, ортомчулары менен да эч качан байланышта болгон эмесмин.
2017-жылы Вена шаарынан Бишкекке кайтып келген кезимде мен Алмазбек Атамбаевдин режими тарабынан камакка алынгам. Андан кийин өлкөдө саясий кырдаал курчуп, тарапкерлерим бир нече митингдерди өткөрүшкөн. Эл аралык байкоочулар Кыргызстанды туруксуз аймак катары баалап, 2010-жылдагы сценарий кайталанышы мүмкүн деген аналитикалык корутундуларды чыгарышкан.
Дал ошол контекстте, саясий тобокелдиктерди талдоодо менин фамилиям эл аралык аналитикалык материалдарда аталган. Кийинчерээк бул маалыматтар Эпштейндин файлдарында да чагылдырылган. Башкача айтканда, мени фигурант катары эмес, саясий фактор катары, байкоого жана эсепке алууга тийиш болгон адам катары карашкан.
Эпштейндин файлдарындагы аналитикалык же маалыматтык документтерде тарыхтагы ар кандай белгилүү инсандар да эскерилет. Алсак, Гитлер, Сталин, Мао, Кастро, Мандела жана башкалар. Бул алардын бир нерсеге аралашканы үчүн эмес. Аналитикалык институттар мисалдар, прецеденттер жана саясий моделдер менен иштегендиктен ушундай болот", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: