super.kg logo

Казакстанда Станислав Бондаренконун катышуусунда "Апама кат" тасмасы көрсөтүлдү (видео)

 

Казакстанда режиссёр Руслан Акундун "Бейиш - эненин таманында" аттуу тасмасынын уландысы болгон "Апама кат" көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду. Бул тууралуу тасманын жаратуучулары билдиришти.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага театр жана кино жаатында кеңири таанымал, көптөгөн телесериалдарда жана толук метраждуу тасмаларда роль жараткан орусиялык актёр Станислав Бондаренко дагы катышкан. Тасма 12-февралдан баштап Казакстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштары белгилүү болду.

"Апама кат" тасмасы биринчи бөлүктөгү драмалык окуянын уландысы болуп, эненин мээрими, руханий баалуулуктар, улуулардын жоопкерчилиги жана каниет кылуу сыяктуу темаларды камтыйт. Тасма эл аралык кинофестивалдарда жогору бааланган жана заманбап Кыргыз киносунда өзгөчө орду бар режиссёр Руслан Акундун жетекчилиги алдында тартылган.







Апама кат тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: