super.kg logo

Өзгөндөгү аламан улакта 25 жаштагы жигит унаасы менен кырсыктады

 

Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл аймагында өткөн аламан улакта 25 жаштагы жигит жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-февралда ал өзүнүн унаасы менен Жалал-Абаддын Сузак районунан Өзгөн районуна аламан улакка бара жатып, рулдук башкарууну жоготуп, жол четиндеги жарга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Учурда кырсыктын бардык жагдайлары такталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Социалдык тармактарда кырсыктын тартылган видеосу тарады. Анда башкаруусун жоготкон жолтандабастын тоодон ылдый катуу ылдамдыкта келип жол четиндеги тосмого урунганын көрүүгө болот.






Өзгөндөгү аламан улакта 25 жаштагы жигит унаасы менен кырсыктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: