Чүйдө лыжа тепкени барган кыздын эс алуусу кырсыкка айланды (видео)
Кечээ, 8-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан "Кашка-Кулак" тоо-лыжа базасында оор кырсык катталды. Бул тууралуу облустук мидициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол күнү кечки саат 21:40 чамасында Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө аталган жайда эс алып жүргөн кыздын капчыгайга кулап кеткендиги тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2006-жылы туулган Т.А. достору менен бирге лыжа тебүүгө барып, тоодон жогорку ылдамдыкта түшүп, жар боюна коюлган тосмону үзүп өтүп, капчыгайга кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу оор жаракат алып, Бишкек шаарындагы Улуттук травматология бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, кыздын эки буту, сол колу жана омурткасы сынган.
Бул факт боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.
Чүйдө лыжа тээп бара жаткан кыздын эс алуусу кырсыкка айланды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















