super.kg logo

Японияда премьер-министрдин партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетти

 

Японияда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министр Санаэ Такаити жетектеген Либерал-демократиялык партия жеңишке жетти. Бул тууралуу 8-февралда Япониянын NHK телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Либерал-демократиялык партия шайлоодо 465 мандаттын 316сын алды. Бул жыйынтык партия үчүн 1955-жылдан берки эң мыкты көрсөткүч болуп саналат. Шайлоонун расмий жыйынтыктары чыга электе эле АКШнын президенти Дональд Трамп Санаэ Такаитини куттуктап, анын командасына ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, 64 жаштагы Санаэ Такаити 2025-жылдын күз айларында парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгында премьер-министр болгон. Ал жалпы элдик шайлоо аркылуу эмес, мурдагы өкмөт башчы Сигэру Исибанын кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетишинен кийин дайындалган. Такаити элдик мандат алуу максатында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү чечкен. Ал өзүнүн башкаруу программасында коргонуу саясатын күчөтүүнү, мамлекеттик чыгымдарды жана инвестицияларды көбөйтүүнү, экономикалык өсүштү стимулдаштырууну, салыктык кирешелерди арттырууну жана бюджеттин туруктуулугун камсыздоону убада кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: