Спикер Нурланбек Тургунбек уулу Түркияга барат
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 9-11-февраль күндөрү Түркияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен бармакчы. Иш сапардын жүрүшүндө боордош өлкөдө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар күтүлүүдө.
"Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, алакаларды арттыруу багытында пикир алмашат",- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш өлкөгө расмий сапар менен келип, парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















