Уфада чет элдик студенттер жашаган жатаканага кол салуу болду (видео)
Уфадагы медициналык университеттин жатаканасындагы студенттерге белгисиз адам бычак менен кол салды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, кеминде алты адам жаракат алып, алар ар кайсы ооруканаларга жеткирилди. Эки жабыркаган адам оор абалда. Кол салган адам кармалып, окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.
Айрым басылмалар жатаканага кол салган адам улутчулдук чакырыктарды айтып кыйкырып, жардыргычтарды колдонуп, өрттөгөнгө аракет кылгандыгын да жазышууда. Кол салган адам 15 жаштагы өспүрүм. Студенттерден тышкары, кармоо учурунда эки полиция кызматкери да жабыркады. Мындан тышкары, ал өзүнө да кол салган.
Окуя чет өлкөлүк студенттер үчүн каралган жатакана корпусунда болгон.
Уфада чет элдик студенттер жашаган жатаканага кол салуу болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















