super.kg logo

Иранда Нобель сыйлыгынын лауреаты Наргес Мохаммади 7,5 жылга эркинен ажыратылды

 

Иранда Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты, 53 жаштагы укук коргоочу Наргес Мохаммади 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу анын тарапкерлери билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, сот Мохаммадини мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттери үчүн 6 жылга, пропаганда жүргүзүү үчүн 1,5 жылга кескен. Мындан тышкары, ага эки жыл өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, дагы эки жылга Ирандын түштүк-чыгышындагы Хосф шаарына сүргүн жазасы берилди.

Адвокат Мустафа Нилинин айтымында, өкүм ишемби күнү Мешхед шаарында чыгарылган. Иран бийлиги бул чечимге азырынча расмий комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын декабрында Наргес Мохаммади ден соолугуна байланыштуу абактан убактылуу бошотулган. Ал эми 2025-жылдын декабрында кайрадан кармалганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: