super.kg logo

Чүйдө мал базарда жоголуп кеткен бала табылып, атасына өткөрүлүп берилди

 
Милиция кызматкерлери Кеминдин Чым-Коргон айылында жайгашкан мал базарда жоголуп кеткен баланы таап, аны аман-эсен атасына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 8-февралда бала атасы менен бирге мал базарга барган. Элдин көптүгүнөн улам жашы жете элек бала атасынан бөлүнүп калып, адашып кеткен. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери ыкчам түрдө издөө иш-чараларын уюштуруп, жеке курамга багыттамалар берилип, базардын аймагы жана ага чектеш тилкелер текшерилген.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана макулдашылган аракеттеринин натыйжасында баланын жүргөн жери кыска убакыттын ичинде аныкталып, ал коопсуз абалда табылган.





Чүйдө мал базарда жоголуп кеткен бала табылып, атасына өткөрүлуп берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: