super.kg logo

Садыр Жапаров Binance криптобиржасынын негиздөөчүсүн Жыргалаңда коноктоду

 

Кечээ, 8-февралда өлкө башчысы Садыр Жапаров ири эл аралык Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен бирге Ысык-Көлдүн Жыргалаңына барды.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, алгач Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин аймагын көрүп чыгышкан. Андан соң Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курорттук шаарчаларын бириктирген "Ала-Тоо Резорт" бардык мезгилге ылайыкталган тоо лыжа кластеринин курулушу менен таанышышкан.

"Бүгүнкү күндө заманбап асма жол инфраструктурасын куруунун активдүү фазасы уланууда. Ылдамдыгы жогору B1 жана B2 аралаш асма жолдору туристтерге ыңгайлуу кабиналарда да, ачык отургучтарда да тоо боору менен жогору көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет. Тоо лыжа кластеринин жалпы аянты 3916 гектарды түзөт. Тоо лыжа трассаларынын узундугу 260 чакырым. Бул дегендик “Ала-Тоо Резорт” кластерине дүйнөдөгү трассалары эң узун он курорттун катарына кирүүгө мүмкүндүк берет",- деп айтылат маалыматта.

Маалыматта ошондой эле комплекстин аймагында панорамалык ресторан, конференц-залдар, медициналык борбор, стадион, амфитеатр жана рекреациялык парктар жайгашканы кошумчаланган. Учурда ичүүчү суу менен камсыздоо системдери курулуп, тазалоочу курулмалар долбоорлонуп, электр чубалгылары тартылып жатат. Ошондой эле Каракол - Жыргалаң унаа жолун реконструкциялоо башталган.

Июль айында асма жолдорду жана жеке виллаларды куруу аяктаса, декабрда масштабдуу долбоордун биринчи фазасы - Жыргалаң курорттук шаарчасынын ачылышы болмокчу. Кийинки жылы үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканалар курулат.

Президент Жапаров жана Binance негиздөөчүсү даярдалбаган трассалардан лыжа тээп (фрирайд) түшүшкөн.

Эске салсак, 7-февралда мамлекет башчысы Чанпэн Чжаону Каракол лыжа базасына алып барган.






Садыр Жапаров Binance криптовалюталык биржасынын негиздөөчүсүн Жыргалаңда коноктоду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: