Жылдыз төлгө. 9-февралдан 15-февралга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Бул аптада ылдамдыкка басым жасабай, эсеп менен иш кылганыңыз жакшы. Кесиптештер арасында оройлукка жол бербеңиз, жактырбай турсаңыз унчукпай коюңуз же сыртка чыгып кетиңиз. Сырттын да, үйдүн да жумушун бир убакта баштабай, биринин артынан экинчисин пландап алганда гана жакшы натыйжага жетесиз. Айлык алып керектүү нерселерди сатып алышыңыз күтүлөт. Ден соолукта тынчыңызды алган маселе жаралбайт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Аптанын башында иш көп болуп, жетишпей калчудай кыжалат болосуз. Жакындардын жардамына кайрылыңыз. Кошуналардын биринин жакшылыгын чогуу белгилешиңиздер мүмкүн. Финансылык чыгым талап кылган ишке аралашасыз, бирок көп өтпөй ал чыгымдын орду толукталмакчы. Документ иштерин иретке келтирип койгонуңуз туура, жакынкы арада керек болот. Жүрөгү боштор тааныш эле адамына башкача көз караш менен карап, романтикалык сезимдер ойгонушу мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бардык тармактан активдүүлүк күтүлөт. Жаңы таанышуулар, жолугушуулар орун алат, жаңы көндүмдөргө ээ болосуз, жаңы маалымат угасыз дегендей. Азгырмалуу окуялар да орун алат, бейтааныш адамдарга көп ишенип, жетелене бербеңиз. Моюнуңузга артылган жумушка жоопкерчилик менен мамиле жасаңыз, сизге сырттан көз салып, баа берип тургандар бар. Иштин жыйынтыгына жараша карьералык өсүү болобу же жокпу билинет. Физикалык абалыңыз эс алууга жараша болмокчу.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бирөөлөрдүн жеңил ойлуулук менен айткан сөзүн кулак сыртынан кетириңиз. Болбосо өзүңүз да жалган маалымат таратуучу болуп каласыз. Ишкерлик талантыңыз ойгонот, андыктан чакан иш баштасаңыз ийгиликтүү болушу күтүлөт. Каржы жааты көңүл толорлук болбойт, андыктан короткон чыгымдарыңызга көзөмөл кылыңыз. Алыстан жакшы кабар аласыз. Балдары барлар алардын ийгилигине күбө болуп кубанышат. Дем алыш күндөрү үй-бүлөлүк атмосферада өтөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Арстандар үчүн стабилдүүлүктүн аптасы болмокчу. Кескин окуялар, жашоону өзгөрткөн көз ирмемдер күтүлбөйт. Негизгиси ден соолукка көңүл буруп, туура тамактанууга, спортко басым жасаган жакшы. Бурчка урунуп, кол кыпчытып сыяктуу майда-чүйдө жаракат алуу коркунучу бар, шашкалактабай баскан-турганыңызга кылдат болуңуз. Туугандардан конокко чакыруу түшүүсү мүмкүн. Апта соңу тиричиликке байланыштуу жумуштар менен алек болосуз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бийкечтер күчтүү энергияга курчалышат. Андыктан кандай иш болбосун аягына жеткирүү ишеними сизде күч. Башкалардын жасаган нерсесине оңдоо-түзөөлөрдү киргизишиңиз мүмкүн. Жеке жашоодо түгөйүңүздүн көңүл буруусуна, камкордугуна муктаж болушуңуз ыктымал. Оюңузда эмне болсо да аны менен ачык сүйлөшүп алганыңыз туура, жалгыз отуруп таарына бербей. Дем алыш күндөргө өзүңүз план түзүп, достор менен жолугуу уюштурсаңыз болот.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Алдыңызда бир нече вариантта тандоо жасоо керек болгон учур кезигиши мүмкүн. Ички туюмга ишениңиз. Профессионалдык жаатта чыгармачылык чечимдерге басым жасаңыз. Ийгиликтүү болорун билсеңиз, чарчаганыңызга карабай аракет кылуу керек. Жактырган адамыңыз менен көп темада жагымдуу баарлашуу орун алат. Бул маектен кийин айрымдар бойдок статусунан арылышы мүмкүн. Эс алуу күндөрү үй тиричилиги, бала-чака менен алек болуу менен өтмөкчү.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Кары адамдар ден соолугуна көңүл бурушу керек, суукка урунуудан сак болуңуз, болбосо сасык тумоодон арылуу оорчулук жаратат. Сизге бересе адамдар карызын азыр берүү ою жок, жаман-жакшы айтышып көңүлүңүз түшүүсү мүмкүн. Интернет желесинен бейтааныш адамдан романтикалык маанайдагы билдирүү алышыңыз күтүлөт. Апта соңу энергия түгөнүп, өзүңүздү аябай чарчаңкы абалда сезесиз. Жолугуулардан баш тартып, тынчтыкта эс алганга аракет кылыңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Бул апта жаачылар үчүн горизонтторду кеңейтет. Окуу жаатында же болбосо иш жаатындагы каалоолорду аткарып, жаңы нукка бурулушуңуз мүмкүн. Жумушта белгиленген тартип, эрежелерди сактаңыз, ошондо жетекчиликтин жемесине кабылбайсыз. Жеке жашоодо кандай иш болбосун түгөйүңүз менен кеңешип чечим чыгарганыңыз жакшы. Алыс жолго чыккан айдоочулар жол эрежелерин сактап, абайлап жүрүүсү керек. Дем алыш күндөрү чыгармачыл маанайда өтүшү күтүлөт.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жумушта баарына жетишүүм керек деп көп талпына бербеңиз. Эмгегиңиз бааланбайт. Андан көрө үйүңүзгө, жакындарыңызга көңүл буруп, үйдөгү бүтпөй келген жумуштарды бүтүрүшкөнгө жардам бериңиз. Бул күндөрү айлыктан сырткары каржы колуңузга тийип таң каласыз. Окуу, билимди кеңейтүү жаатында сунуш түшөт. Башкалардын ийгилигине, жакшылыгына кошо кубана билиңиз, сизге да кайтып келет. Аптанын соңу туруктуу, кескин өзгөрүүсү жок тынч абалда өтмөкчү.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Тааныштарыңыздын сырдуу, купуя окуясын угасыз. Башкалар менен ал окуяны бөлүшкөнгө ашыкпаңыз, сизди сынап жатышы мүмкүн. Жумушта болобу, жеке жашоодобу пунктуалдуулук сапатты алдыга чыгарганыңыз оң. Кечиккениңиздин айынан башка жакшы сапаттарыңыз көмүскөдө калат. Жеке жашоодо түгөйүңүздөн бийлик талашып, меники туура дей берген болбойт. Андан көрө “сеники туура” ыкмасын колдонсоңуз, эркиндигиңиз чектелбеген боюнча калмакчы.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Алдыңызда маселе жаралса, башты кумга катып качпаңыз. Тескерисинче, болгон дитиңизди коюп чечкенге аракет кылыңыз, өзүңүздүн тапкычтыгыңызга өзүңүз таң каласыз. Бойдокторду сырдуу жолугушуулар, жеңил флирт күтөт, айтор, маанайыңыз жогору болмокчу. Достор менен жолугушуп, жагымдуу маектешүүнүн таасири менен ашыкча сүйлөп алуудан абайлаңыз. Негизи эле туугандар арасында да оюңузду ачык айткандан кимдир бирөөнү таарынтып алышыңыз мүмкүн.
кошулду
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















