super.kg logo
  Саясат  

Кара-Суу районунда 46 жаштагы кишини сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

 

19-январь күнү саат 19:40 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунда Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жол кырсыгы катталды. Анда ошол эле айылдын тургунун, 1968-жылы туулган И.Сны белгисиз бирөө машинасы менен сүзүп кетип, анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапты. Ал эми айдоочу из жашырып кеткен. Бул маалымат тууралуу бүгүн, 22-январда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мартбек Зикиров билдирди.

"Окуя болгон жерде Опель үлгүсүндөгү күмүш түстүү автоунаанын тетиктеринин сыныктары калыптыр. Бул кырсыкты көргөндөр болсо, Кара-Суу РИИББине же (0777) 075544, (0552) 116190 номурларына чалып кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Маалымат бергендердин аты-жөнүнүн сыр боюнча калышына кепилдик берилет жана ага сүйүнчү ыйгарылат",- деп кошумчалады Мартбек Зикиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: