Ок атуу боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар коло байге ээси болушту
Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан ок атуу спорту боюнча Азия чемпиондугунда Абдураззак Муратов менен Жибек Бекташева Кыргызстандын курамасына эки коло медаль алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ВП-6 көнүгүүсүндө кыргызстандык спортчулар жогорку тактыкты жана мыкты командалык ырааттуулукту көрсөтүштү.
Ошондой эле, пневматикалык мылтыктан ок атуу көнүгүүсүндө кыз-келиндер арасындагы командалык мелдеште да кыргызстандык спортчулар 3-орунду багындырып, коло медаль тагынышты. Команданын курамында Альбина Түлөбердиева, Даткайым Садыкова жана Жибек Бекташева бар.
Азия чемпиондугу 14-февралга чейин уланып, мелдештер өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүүдө. Турнирге 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда. Кыргызстандын атынан 16 спортчу жана 3 машыктыруучу катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















