Италиянын өкмөт башчысы Миландагы баш аламандыктарды сынга алды
Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони жекшемби күнү кечинде Миланда болгон баш аламандыктын уюштуруучуларын сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал нааразычылык акциясынын катышуучуларын "Италиянын жана италиялыктардын душмандары" деп, алар Олимпиада оюндарына каршы чыгышып, аракеттердин дүйнө жүзү боюнча теле экрандарда көрсөтүлүшүн каалашканын белгилеген.
Мелони темир жол кабелдери да бузулуп, поезд каттамдарынын үзгүлтүккө учурашына алып келгенин белгилеген.
Эл аралык Олимпиада комитети да нааразычылык акциясынын катышуучуларынын аракеттерине нааразычылыгын билдирген. Комитеттин өкүлү Марк Адамстын айтымында, тынчтык нааразычылык акциялары толугу менен мыйзамдуу жана зомбулук кабыл алынгыс.
Миланда нааразычылык акциялары болуп өттү, европалык маалымат каражаттары болжол менен 10 миң адам катышканын эсептеп чыгышкан. Алар турак жай бааларынын өсүшүнө нааразычылык билдиришип, Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн экологиялык таасирине тынчсыздануусун билдиришкен.
Жекшемби күнү кечинде нааразычылык акциялары учурунда болжол менен 100 адамдан турган топ баш аламандык жаратып, фейерверктерди жана түтүн чыгаруучу бомбаларды жардырып, полицияга бөтөлкөлөрдү ыргыта башташкан.
Учурда Италияда Кышкы Олимпиада оюндары өтүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















