Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Акбар жакшы болуп, бизнес иштери да бир нукка түшө баштады. Оюнда бардык маселелер чечилди деп ойлоп жүргөн. Мариям жана балдары менен убакыт өткөргөнү менен, өзү шаар четиндеги үйүндө жашап кала берди. Эмнегедир ушул үйдөн кетип калса, Айкөл менен болгон байланышы таптакыр үзүлүп кетчүдөй, ал жашоосуна келген бир жакшы түштөй өтүп кетчүдөй сезилчү. Бул үй анын үмүтү, кайгысы, тагдыры да болуп калган эле. Мариям болсо ошол тагдырга ыраазы деген ойдо жүрдү. Бирок баары ал ойлогондой болгон жок. Бир күнү келди да, ажырашууга берген арызын алдына таштады.
– Бул эмне?
– Арыз.
Бул сөздү ушундай бир токтоолук менен айтты, а балким, жеңилденүү менен да айткандыр.
– Сен ажырашалы дейсиңби?- деди Акбар аны таң кала тиктеп.
– Ооба.
– Эмнеге?
– Жөн эле.
– Мына сага, тамаша! Эмнеге мен суранганда эмес, эмнеге азыр?
– Айкөл кете электе эмнеге ажырашпадың де да ачык эле...
Мариям ага түз тиктеп, ачык суроо берип турду. Чын эле эмнеге азыр? Ушунча убакыт эзилип, бардык тарап жараланып, болгон конфликттер бүтүп, эми жай-жайына келгенде... Бул аял дегенди түшүнүү кыйын. Акбар азыр ошолорду ичинен ойлоп турду.
– Эмнеге, Мариям? Баары ордуна жаңы келе баштаганда кайра кайсы жыландын башын кылтыйтып жатасың?
– Жыланы деле жок эч кандай. Мен ушундай кааладым.
– Жашоо сага оюнчукпу, мен кааладым деп... Баары астын-үстүн болгончо акылың кайда эле, ия? Мен эмнеден өттүм билесиңби, мен өлүп, кайра тирилдим. Күл болуп өрттөнүп кетип, күлүмдөн кайра туулдум. Каалайт имиш...
Туталанган Акбар аялынын жүрөгүн жаралап жатканын билбей бирде ызалана, бирде жиндене кыйкырып жатты. Мариям аны тиктеп турду. Ал өлүп жатканда, Мариям жыргап жатты беле дегиси келди. Көп нерсе айткысы келди, бирок кээде унчукпай коюу менен да андан терең нерсени түшүндүрсө болот. Сумкасын алды да, бир сөз айтпай бурулуп чыгып кетти. Дароо Стамбулга билет алды.
ххх
– Айкөл, сен китепти эле тиктеп отурат экенсиң. Бир аз башыңды көтөрчү, сейилдеп келели,- деди курбусу ага жайдары карап.
– Сен бир жаркырайсың го, анча эмне сени бактылуу кылды?
– Менимче, сен жакында Кыргызстанга кетесиң. Сен үчүн кубанып жатам. Айкөл жарасына бирөө тийгендей жүрөгү тыз этти. Канаты болсо учуп жеткиси бар го, бирок кайдан...
– Ал жакка жол жабык, билесиң да.
– Курбусу бир нерсени билгендей жымыңдап койду. Окуя мындай болгон эле. Ал соцтармактагы баракчасына Айкөл менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Айкөлдү тааныгандар, билгендер сураштырып, комментарий жазып отурушуп сүрөт интернет желесине жайылып кеткен эле. Аны бардык социалдык баракчаларын өчүрүп салган Айкөл кайдан билсин. Курбусу да коркуп кетип, сүрөттөрдү өчүргөн эле. Бирок кечээ жакында ага Мариям аттуу бир аял жазды. Айкөлдү сөзсүз табышы керек экенин, абдан маанилүү сөзү бар экенин айтып жатып анын кайсы жерде окуп жатканын билген. Өзү келмейинче эч нерсе деп айтпашын да өтүнгөн эле. Ал ошону айта албай жадырап-жайнап жаткан. Бирок Айкөл мунун эч бирин билбейт эле. Акбарды жоготтум деген ойдо, жанын эзген кусалыкта жашап жүргөн. “Аман болсун, ден соолугу эле болсун. Мага анын амандыгы эле жетет” дечү. Өзү эзилип, түгөнүп баратса да аны ойлоду. Болгон убактысын, ойлорун илим алууга жумшап жатты. Куран барактарынан шыпаа тапты, илимден акылы курчуду. Бир асыл буюм көркүнө келиши үчүн уста аны эмне гана кылбайт. Ысытат, ийрийт, акыры чегип көз кубанткан асыл бир буюм жасайт. Жараткан дагы аны дал ошол асыл таштай сыноолор менен сынап жаткандай эле. Канчалык сабырдуу, бекем экенин башкаларга эмес, өзүнө далилдегендей жашап жатты Айкөл. Бир да жолу берген сөзүнөн чыккан жок. Эми аны тагдырдын улуу сыйлыгы күтүп тургандай эле.
ххх
Мариям биринчи жолу жалгыз сапарга чыкты. Дайыма Акбар менен, балдары менен жүрүп, эч кандай деле ырахат ала алчу эмес экен эми ойлосо. Жалгыздык ага башка бир Мариямды тартуулады. Жалгыздыгы менен келишти, ойлоруна муюду. Мейманканадан деңизди тиктеп, ар бир толкунунда өз тагдырын көрүп жаткандай эле. Анын учакка билет алып, учуп кетип жатканына алгач Акбар таң калды.
– Балдар эмне болот, тамагы, окуусу, мен кантип карайм?- деп алдастады.
– Сенин да балдарың, бала караган кандай экенин сез. Эки чоң балаң өздөрү менен өздөрү, кичүүлөрүн караган колуңдан келет. Деги эле бир канча күн менин ролумда болуп, балдарга жоопкерчиликти жон териң менен сезип көрчү.
Ошентти да жөнөп кетти, балдары, Эламан, Акбар баары мунун чечкиндүү басып кеткенине таң калышты. Азыр ошолорду эстеп ичинен жылмайып алды.
– Мариямсыз да жашоо уланат, бир көрүп көргүлөчү кандай экенин,- деди азыр да Акбар менен балдарынын аргасыз кебетелерин эстеп жатып. Стамбулга бир нече себеп менен келген, бир жагынан жаңы иш баштайын деп, экинчи жагынан саякаттоо үчүн, үчүнчүсү моюнунда турган бир чоң жүктөн кутулуу үчүн эле. Ошол үчүнчү вазыйпасы аны толкундантып, шаштырып жатты.
Айкөл маңдайында турган Мариямды карап таң калып калды. “Кайдан чыга калды бул, балким, түш көрүп жаткан жокмунбу?” деген ойлор келди. Курбусу аны карап, ал Мариямды караган боюнча туруп калышты. Ал жанына келип амандашты.
– Эмне мынча таң калдың? Мен келдим.
Айкөл дагы деле эсине келе албады. Оозуна сөз кирбеди. Бул арада курбусу абалды баамдап, четтеги бир кичинекей кафеге чакыра салды. Экөө бет маңдай отурушту. Курбусу аларга чай алып келем деп шылтоолоп экөөнү жалгыз таштады.
– Баары жакшыбы? Сиз мени кантип таптыңыз?
– Таптым, жакшылап издесе табылат экен да адам,- деди табышмактуу сүйлөгөн Мариям. Айкөлдүн азган жүзүнө аяп карады.
– Бир нерсе болдубу?
– Жок, жөн эле иштерим менен Стамбулга келгем, сени көрө кетейин дедим.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















