Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды (видео)
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы айланма жолду куруу долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор 2026-жылдын 31-августу жана 1-сентябрына пландалган Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.
Жаңы жол төрт тилкелүү болуп, узундугу 15,64 чакырымды түзөт. Курулуш мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүргүзүлүүдө. Жолду пайдаланууга берүү эл аралык иш-чаралардын башталышына пландалууда жана аталган жолдон өтүү акысыз болот.
Долбоордун максаты - шаардын транспорттук жүгүн азайтуу, жол инфраструктурасын жакшыртуу жана эл аралык маанидеги иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзүү.
Чолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















