Алга, жигиттер! “Бөрү” аскердик бөлүгү Дубайда эл аралык мелдешке катышууда (видео)
Кыргызстандын Чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” аскердик бөлүгүнүн кызматкерлери Дубайда "UAE SWAT Challenge" аталышындагы мелдешке катышууда. Бүгүн, 9-февралда жарыштын үчүнчү күнү өтүүдө.
Дубайда өтүп жаткан мелдешке дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн барган 100дөн ашуун команда катышууда. Бул эл аралык деңгээлдеги ири аймактык тактикалык турнир болуп саналат.
Meлдеш тууралуу кыскача маалымат
"UAE SWAT Challenge 2026" - бул Дубай полициясы уюштурган эл аралык тактикалык мелдеш, 7‑11‑февраль аралыгында "Al Ruwayyah Training City" машыгуу борборунда өтүүдө.
Жарыш 5 негизги этаптан турат:
- Assault - чабуул жана координация сынагы;
- Hostage Rescue - туткунду куткаруу;
- Officer Rescue - кызматкерди куткаруу;
- Tower - бийик түзүлүштөгү көндүмдөр;
- Obstacle Course - физикалык күч менен бирге командалык иштин эң чоң сыноосу.
Кыргызстандын “Бөрү” аскердик бөлүгү Дубайда эл аралык мелдешке катышууда
Кыргызстандын “Бөрү” аскердик бөлүгү Дубайда эл аралык мелдешке катышууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















