Бакыт Төрөбаев Ысык-Атада заманбап тери заводу салынып жатканын айтты
Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Чүйдүн Ысык-Ата районунда заманбап тери заводу курулуп жатканын билдирди.
Дептутат Жылдыз Таалайбек кызы Нарын жергесине да тери завод салуу керектигин айтты. Төрөбаев тери заводун куруу оңойго турбастыгын белгилеп, Нарын, Ысык-Көлдүн терилери да Ысык-Атага алынып барыларын айтты. Министрдин айтымында, тери заводду "Тойбосс" компаниясы мамлекет тарабынан насыя алып, салып жатат.
"Биринчи тажрыйба алып алалы. Анан түштүккө дагы бирди курабыз. Биз эки заводду куруп алсак, анан өлкөдөгү теринин баарын чогулта алабыз",- деди министр.
Бакыт Төрөбаев Ысык-Атада заманбап тери заводу салынып жатканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















