super.kg logo

Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Алгач эле администратор кызым Жазгүлгө чалдым:

– Эмнеге салон жабык?! Мен силерге ишенип таштап кетсем, силер мени тоготпой эс алайын деген экенсиңер да, ээ?- деп жинденип кыйкырдым. Токтоо кыз эле, акырын түшүндүрүп берип жатты:

– Эртең менен арендатор келип, "бүгүн чыгып кеткиле. Эртең башка адам келет. Акчаны кечиктирип жатасыңар" деп лакылдады.

– Коё тур. Мен сүйлөшпөдүм беле аны менен кийинки ай 2 айдыкын чогуу берем деп.

– Мен дагы айттым. Бирок ал "башка клиент таптым. Жапкыла салонду, чыгып кеткиле. Азыр. Мага ачкычты бергиле" деп туруп алды. Клиенттер көп эле. Сизге чалсам, телефонуңуз өчүк экен. Лакылдап жатып кардарларды качырды. "Болгула, ай, буюмуңарды азыр алып кеткиле, кааласаңар калсын. Эч ким тийбейт" дегенинен чыгып баса бердик.

– Жазгүл, мээңден айныган жоксуңбу? Жөн эле чыгып кеттиңерби?!

– Башка аргабыз жок эле.

– Силерге ишенген мен акмак!- деп кыйкырып, телефонду өчүрдүм. Эми эмне кылам? Жаман самсааладым. Арендага берген аялга чалсам, сөзүмдү угуп-укпай эле “болду, экөөбүздүн келишим бүттү. Бир айдын акчасын алып келип кой эртең үйгө” дебеспи?! "Билгениңди кыл, бир тыйын бербейм, бирок үйүңө барам" деп өчүрүп салдым. Ичиндеги буюмдарды алыш керек. Канча аппараттар бар, материалдар? Керектүү буюмдар... Жиним аябай келген. Мындайда кайрыла турган адам жок. Ордумдан жылбай чемодан менен көпкө отурдум, андан соң кеттим. Чарчап тургам. Күнүнө берилүүчү батир таап, ошол жерде түнөдүм. Түнү менен Адилетке чалсам, албай койду. Жиним ого бетер келди. Эртеси салонду арендага берген аялга барып, экөөбүз көпкө ызылдашкан соң баарын такташтырсам, салонду Эрнисттин аялы сатып алыптыр. Акмак.

– Аргам жок. Мен деле каалаган жокмун. Коркутту.

– Милицияга арыз жазбайсызбы?

– Жок, жөн эле тынч жүрөйүнчү,- деп койду.

Башым катты. Эмне кыларымды билбейм. Жолдо келе жатып, ызама чыдабай көзүмдөн жаш куюлду. Жаман болдум. Азыр отурам караңгы тар бөлмөдө, саат өткөн сайын акча кошулуп жатат ижара акысына...

17.09.ХХХХ. Салам! Кыжалатчылык каптады. Жаман болуп жатам. Маркум Эрнисттин аялы Раиса менин түбүмө жетет окшойт, бети жок. Салонду тартып алганы аз келгенсип, ичиндеги аппараттарды мен баргыча ыргытып жибериптир. Алып кетейин десем, жараксыз. Милицияга арыз менен кайрылдым. Бирок ал жерди арендага алган адам башка эле бирөө болуп чыкты. Анын үстүнө аппараттарды бүт эшикке кылдаттык менен койгонун, бирок көп өтпөй белгисиз 5-6 бала келип көбүн уурдашып, калганын тепкилеп кеткен видеону камерадан көрсөттү. Эч нерсе кыла албай калдым. Раиса баарын кылдаттык менен ойлонгон экен. Анан да бул шүмшүктөр телефонума 2-3 чалуу калтырып коюптур. Мен байкаган деле эмесмин. Айтты:

– Биз атайын чалдык. Буюмдарды чыгардык деп айталы деп. Өзүңүз албай койдуңуз. Бизде күнөө жок,- деп кууланышты, шүмшүктөр!

Раиса Эрнист тирүү болгондо мага эч нерсе кыла алмак эмес. Күйөөсүнөн коркчу. Айтпадым беле мүнөзү оор, чорт деп. Билишимче, аялына деле кол көтөрчү. Ал эми аны жок кылган соң, ишти менден баштаптыр да. Менин ким экенимди билбей жүрөт. Керек болсо күрөшөм, согушам. Колумдан келгенин кылам. Бирок жөн тура албайм. Адилет мага шаардан көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып, киргизип койду. Жардамы тийди. Мендеги аз акчаны тез эле коротуп алышым мүмкүн эле. Адилет холодильникти азык-түлүккө толтуруп, жаныма баскан-турганыма акча таштап кетти. Бирок бир аз гана. Буга чейинки бай жигиттеримдин сигаретинин акчасын таштады да. Жашоо сага сабак болот турбайбы?! Жыл өткөн сайын акылыңа акыл кошулат экен. Мен дагы өзүмө жаңылыштыктын пайдасын гана сиңирип жаттым. Өзгөчө керексиз адамдардан өз убагында кутулуу. Бул да бир керектүү сапат экен. Дегеним, сөз Айым жөнүндө. Салондун иштери менен чуркап жүрүп, кассаны Жазгүлдөн санап алып, ага өз айлыгын бердим. Бир топ акча болуптур. Жазгүлдүн бир жери жакшы. Мага жаман ою жок. Акчанын бир тыйынын коротпой, мага тапшырды. Калган кыздардын акчасын кийин берем деп аны жолго салдым. Азыр мага акча керек. Тагдырдын тамашасы! Биз жашаган үйдүн короосунан Айымды көрүп калдым. Учураштым. Маанайы суз. Биздин үйдүн айланасында эле жашайт экен. Баласын ооруканадан чыгарыптыр. Анан оюмда жок эле "байкуш, жаман кыйналыпсың, көзүңдүн алдында 1-2 бырыш пайда болуп калыптыр" десем, мени какшыктай:

– Ооба, түштү. Биздей жөнөкөй адамга бырыш түшпөгөндө эмне түшмөк эле?- дейт. Какшыгын жүрөгүмө дароо кабыл алдым.

– Какшыктабай эле сүйлөсөң. Болгонун айтып жатам да.

– Байкуш деп мени аяганыңбы? Айтпа мага андай сөздөрүңдү. Жүдөсөм жүдөгөндүрмүн. Айтпай эле койсоң болот да?! Же өзүңдү көтөргөнүңбү?!

– Жүдөсөң жүдөө деп айтамбы?! Кызыксың, Айым. Алдагы жаман мүнөзүңдү күйөөңө көрсөт, мага эмес. Сени ушундай калыпка алып келген ошол, мен эмес.

– Ии, ооба. Сен бир бактылуу жан экенсиң го. Жолуңдан жалаң бай, сулуу мырзалар жолугат. Өмүр бою бирөөнүн көз жашын агызып, жыргап келе жатасың...

– Тарт тилиңди! Кыйкырбай сүйлө. Экөөбүздөн башка эл бар. Ичиң күйүп жатса, айт ачыгын.

– Антип үнүңдү көтөрбө. Сага кетирген кайран убактым. Мени ара жолго таштап, Акбардын машинасына отуруп кеткенсиң. Сенден бетке да чабуу жегем. Канча кыйналдым?! Дос деп чыдай бериптирмин.

– Мен эмне кылдым сага?

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: