Министр Орусияда эмгектенген дарыгерлерди мекенине чакырды
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык медицина кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Орусиядагы элчиликте өткөн. Иш-чарага Москва шаарында саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан 60ка жакын мекендеш дарыгер катышкан.
"Жолугушуунун негизги максаты - кыргызстандык кадрлардын мекенине кайтып келүүсү, алардын өлкөдөгү саламаттык сактоо тутумунда иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулоо болду",- деген министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















