super.kg logo

Маск Эпштейн тууралуу чындыкты айткандарга каржылык жактан жардам берерин билдирди 

 

Америкалык ишкер Илон Маск чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин курмандыктары тууралуу көрсөтмө берүүгө макул болгондордун юридикалык кызматтары үчүн төлөп берерин убада кылды. Бул тууралуу Маск Х социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Ким бул тууралуу чындыкты айтып, ал үчүн жоопкерчиликке тартылса, мен аны коргоо үчүн каражат төлөп бере алам",- деп жооп берген Х социалдык тармагындагы колдонуучунун суроосуна.

Масктын аты дагы Эпштейндин ишитери боюнча документтердин биринде айтылган. Анда 2013-жылдын 31-январында Эпштейн ишкерди өзүнүн аралына чакырганы жазылган.

Ал эми Илон Маск жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукка айыпталган Жеффри Эпштейн бир нече жолу өзүнүн аралына алып буруу сунушун айткандыктан, аны социалдык тармактардан бөгөттөп салганын билдирген. Ошондой эле АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин иши боюнча документтерди жарыялагандан кийин Маск анын кылмыштарына тиешеси бар адамдарды камакка алуу чакырыгын таштаган.

Маалымат үчүн:

Жеффри Эпштейн 1953-жылы Нью-Йорк шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Анын балалыгы карапайым жашоодо өткөн. Ал мектепти аяктагандан кийин, эч кандай жогорку окуу жайын бүтүрбөстөн, мектептердин биринде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенген.

Ошондой күндөрдүн биринде атасы Эпштейнди бир окумуштуу менен тааныштырып, андан уулун өзү менен алып жүрүүнү суранган. Себеби Эпштейн так илимдерди аябай жакшы окуган. Ошентип Эпштей 1980-1990-жыдары өзүнүн жеке каржылык компаниясын ачкан. Ошондон кийин анын каржылык булагы өсүп, даражасы дагы көтөрүлгөн.

Эске салсак, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: