super.kg logo

Таласта стратегиялык объекттер мамлекетке кайтарылды

 

Таластагы "В" категориясындагы стратегиялык объекттер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу 9-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы “Тобой” коомдук бирикмесинин жетекчиси С.T. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Талас филиалынын жана “Талас суу чарбасы башкы башкармалыгы” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу объекттерди мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2003-жылы “Тобой” коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Т. мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызматтык абалын пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жолу менен “В” категориясындагы стратегиялык объекттерди (суу алуучу жайларды) аталган коомдук бирикменин балансына мыйзамсыз өткөрүп берген, кийинчерээк ал 36 миллион 415 миң 400 сомдук, учурда инфраструктурасы бар 1,7 гектар, 0,68 гектар жана 1 гектар жер тилкелерин жеке менчикке өткөрүп берген.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган тиричиликке керектелүүчү объекттер мамлекеттин менчигине кайтарылган.






Таласта стратегиялык объектилер мамлекетке кайтарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: