Жалал-Абадда 71 жаштагы жаран небересин зордуктоого шектелип кармалды
Базар-Коргон районунда 71 жаштагы жаран 15 жаштагы небере кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган 34 жаштагы жаран шектүү өзү жашаган үйдө небересин зордуктоого алганын айткан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Шектүү Базар-Коргон райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















