super.kg logo

Өзгөндөгү аламан улактан кийин Ниязовго айып салынды

 
Оштун Өзгөн районунда өткөн аламан улактын уюштуруучуларынын бири Жаныш Ниязовго 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрлик аламан улактан кийин Баш-Дөбө жана Төрт-Көл айыл өкмөттөрүндө таштандылардын чар жайыт ташталгандыгы боюнча фактылар катталганын белгиледи. Анын негизинде калдыктарды тазалоо иштерин уюштуруу боюнча расмий каттар жолдонгон.
Учурда уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда аламан улактан кийин таштандыга толгон талаанын видеосу тараган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: