super.kg logo

Бишкекте унаасынын номери жок, мас абалындагы айдоочу аныкталды (видео)

 

Бишкек шаарында унаасынын номери жок, мас абалындагы айдоочу аныкталды. Бул тууралуу 9-февралда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү болжол менен саат 3:00 чамасында патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Ford үлгүсүндөгү мамлекеттик номери жок унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочудан мас абалындагы белгилер: алкоголдун жыты жана сүйлөөсү бузулганы байкалган.

Мындан тышкары, айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталды. Наркологиялык мекеменин медициналык экспертизасы анын спирт ичимдиктерин колдонгонун тастыктады. Укук бузуучуга карата зарыл болгон протоколдор түзүлүп, алар белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн сотко өткөрүлдү.

Мекеме айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана эч кандай шартта мас абалында унаа башкарбоого чакырат.






Бишкекте унаасынын номери жок, мас абалындагы айдоочу аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: