super.kg logo
  Саясат  

75 адам президенттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу жасашты

 
Өлкө башчысы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылган 75 адамдан турган топ президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө чакырды.
Социалдык тармактарга тараган кайрылууда азыркы бийликтин жетишкендиктери жана кемчиликтери тизмектелип, шайлоо өткөрүүгө убакыт келгени айтылат.
"Жетишкендиктер менен көйгөйлөрдү тизмектөө - коомчулукту негизги жыйынтыкка алып келет. Ал жыйынтык - учурдагы бийликтин ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы логикалык жактан аяктады дегенди билдирет. Андыктан, азыркы тапта Кыргызстанды өнүктүрүүнүн жаңы стимулу керек жана экинчи баскычтагы сапаттуу, жигердүү ишке өтүү зарыл деп эсептейбиз. Анын үстүнө акыркы мезгилде коомдо президенттик шайлоо боюнча кызуу талкуулар жүрүп жатат. Бул талкуунун негизи – учурдагы президент мурдагы Конституция боюнча шайлангандыгы, ал эми мамлекет азыр жаңы Конституциянын негизинде иштеп жатканы менен байланыштуу.
Биз белгилеп кетчү жагдай, учурдагы мамлекет башчысы 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы, апрель айында, жалпы элдик добуш берүү аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланары көрсөтүлгөн",- деп айтылат анда.
Кайрылууда ошондой эле шайлоо мөнөөтү боюнча коомдо ар кандай талкуулар болуп жатканы белгиленип, андыктан талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда жарыялоо демилгесин көтөрүү сунушу берилген.
Кайрылууда саясатчылар, коомдук ишмерлердин аты-жөндөрү жазылган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов жана экс-депутаттар Аалы Карашев, Иса Өмүркулов бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: