Индия менен АКШ тарыхый соода келишимине жетишти
АКШ менен Индиянын өкмөттөрү тарыхый деп аталган алкактык соода келишимине жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Келишимге ылайык, Индия алдыдагы беш жылдын ичинде 500 миллиард долларлык америкалык продукцияны сатып алат. Ал эми Индиянын экспортчулары АКШнын рыногуна 30 триллион долларлык товар менен чыгат. Расмий документке март айында кол коюлары күтүлүүдө, бирок документтин параметрлерине байланыштуу негизги саясий чечимдер макулдашылган.
Муну менен Индия АКШдан энергетикалык ресурстарды, учактарды, баалуу металлдарды жана жогорку технологиялык продукцияларды сатып алууга ниеттенүүдө. Мындай жетишкендик АКШнын президенти Дональд Трамп үчүн гана эмес, Индиянын премьер-министр Нарендра Моди үчүн да чоң саясий жеңиш болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















