Өлкөдө мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу башталды
Өлкөдө мамлекеттик автомектептерге жарандарды кабыл алуу онлайн форматта башталды. Ошондой эле айдоочуларды даярдоонун жаңыланган окуу программалары киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окууга катталуу avtomektep.srs.kg расмий сайты аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерлер электрондук платформада жеке маалыматтарын толтуруп, окуу аймагын, айдоочулук күбөлүктүн категориясын тандап, онлайн арыз жөнөтүшү керек.
"Онлайн арыздар каралгандан кийин жарандар тандаган аймактагы мамлекеттик автомектептерге кабыл алынат. Курсанттар үчүн теориялык сабактар онлайн форматта өтүлөт. Ошондой эле бир нече окуу агымдары түзүлүп, бул көп сандагы арыздарды кабыл алууга жана автоунаа мектептерине болгон жүктү азайтууга шарт түзөт. Күн сайын жаңы мамлекеттик автомектептер системге кошулууда. Бир автомектеп бир эле учурда бир нече агымды окутууга мүмкүнчүлүк алат, бул окуучуларды аймактар боюнча тең бөлүштүрүүгө шарт түзөт. Реформанын алкагында айдоочуларды даярдоонун жаңыланган программалары ишке киргизилип, алар окуунун сапатын жогорулатууга, коопсуз айдоо маданиятын калыптандырууга жана жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга багытталган",- деп кошумчаланды маалыматта.
Эскерте кетсек, президент мамлекеттик автомектептердин артыкчылыктарына токтолгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















