Төрт ай окуп, экзамен тапшырып... Айдоочулук күбөлүк алуу тартиби өзгөрүшү мүмкүн
Автомектептерде окутуу ыкмаларын кайра карап чыгып, жогорку жыйынтык көрсөткөн курсанттарга төрт айлык окуудан кийин тестирлөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирип, бул өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык болуп жатканын кошумчалады.
Ал кошумчалагандай, тестирлөөдөн жана экзаменден ийгиликтүү өткөн курсанттарга бир жылдык мөөнөткө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Бирок ал айдоочу бир жыл ичинде жол кыймылынын эрежелерин одоно бузса же жол кырсыгына күнөөлүү болсо, анын күбөлүгү жокко чыгарылат. Мындай учурда айдоочу кайрадан мамлекеттик автомектепке жөнөтүлүп, калган алты айлык окууну толук өтүүгө милдеттүү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















