Өлкөнүн армрестлинг курамасы Дүйнө кубогунда экинчи орунду багындырды
Өлкөнүн армрестлинг боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда ийгилик жаратты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, турнир Өзбекстандын Ташкент шаарында 31-январдан 6-февралга чейин өткөн. Анда Кыргыз улуттук кол күрөш федерациясынын кадеттер, юниорлор, жаштар, сеньорлор жана чеберлер арасындагы улуттук курама командасы 28 алтын, 25 күмүш жана 12 коло медаль уткан.
Дүйнө кубогунун чемпиондору жана байге ээлери:
Чеберлер:
- Замир Иманалиев - 2 күмүш байге.
- Кудратжан Имиров - 2 күмүш.
- Жалил Камчыбеков - 2 күмүш.
- Елена Тараторина -2 алтын.
Кадеттер:
- Нурел Мамытбеков - 1 күмүш, 1 коло.
- Атай Каныбеков - 1 коло.
- Абай Каныбеков - 1 коло.
- Сулайман Кыйгыров - 2 күмүш.
- Элдос Рысбеков - 2 алтын.
- Диана Терещенко - 2 алтын.
- Мээрим Асанкадырова - 2 алтын.
- Жанара Токонова - 2 алтын.
- Азиза Баизбекова - 2 күмүш.
Юниорлор:
- Элмирбек Муканбетов - 1 күмүш, 1 коло.
- Элдар Абжалилов - 1 коло.
- Ниязбек Замирбеков - 1 күмүш.
- Артём Караваев - 1 коло.
- Самат Баизбеков - 2 коло.
- Байтур Абжалбеков - 1 күмүш.
- Залкар Нурланов - 1 алтын, 1 коло.
- Алтынай Омурбекова - 2 алтын.
- Асема Акжолтоева - 2 алтын.
- Асема Маликова - 2 алтын.
- Айгерим Авазбекова - 2 күмүш.
- Алтынай Турдалиева - 1 күмүш.
- Тансулуу Маматова - 1 алтын, 1 күмүш.
Жаштар:
- Нурмухаммед Жуманазаров - 1 алтын, 1 күмүш.
- Булан Жоробеков - 2 алтын.
- Станислав Косяненко - 1 күмүш.
- Адыл Гайипов - 1 күмүш, 1 коло.
- Нурбек Усманалиев - 2 алтын.
- Захар Карманчук - 2 күмүш.
- Нурболот Кемелов - 1 күмүш, 1 коло.
- Сезим Турсунова - 2 алтын.
Сеньорлор:
- Булан Жоробеков - 1 алтын.
- Залкар Нурланов - 2 алтын.
- Белек Мусаев - 1 күмүш, 1 коло.
Мелдешке дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 1500дөн ашуун спортсмен катышкан. Аталган Дүйнө кубогунда Кыргызстандын улуттук курамасы командалык жалпы медалдык эсепте экинчи орунду камсыздаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:46
2026-02-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















