Ошто архитектура кызматкерлери кармалышты
Ош шаарында архитектура кызматкерлери шаар куруу жаатындагы системдүү мыйзам бузууларга жол берген деп кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо курула турган объекттер боюнча так эмес маалыматтарды киргизип турушкан. Тагыраагы, жашоочуларды унаа токтотуучу жайлар менен камсыз кылуу боюнча туура эмес маалыматтарды атайылап киргизип, анын негизинде турак жай комплекстерин куруу долбоорлорун бекитишкен.
Мындан удам курулуш компаниялары унаа токтотуучу жайлары жок коммерциялык имараттарды курушкан. Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы. жана Ош шаарынын архитектура боюнча адиси Т.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ош шаарындагы шаар курулушу чөйрөсүндөгү коррупциялык мүнөздөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо боюнча иштер уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















