super.kg logo

ТИМ АКШда жол кырсыгына кабылган Кыргыз жараны менен баарлашканын билдирди

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына күнөөлөнүп жаткан Кыргыз жараны Б.Б. менен баарлашуу болгонун билдирди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, министрликте кырсыкка шектелип жаткан жарандын туугандары менен жолугушуу өткөрүлүп, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугу аны менен телефон аркылуу байланышка чыга алышкан.

"Кыргыз жаранынын акыркы кармалуучу жери аныкталгандан кийин, башкы консулдуктун кызматкерлери аны менен жеке жолугушуу үчүн барышат",- деген ТИМ.

Белгилей кетсек, 3-февралда АКШда кыргызстандык жаран айдап бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жеңил унаа менен кагылышып, төрт адам каза болгон. Кырсыктан каза тапкандар америкалык 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: